Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 11-сентябрда Дүйнөлүк метеорология уюмунун башкы катчысы Мишель Жарро менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, жолугушууда премьер аталган уюмдун Кыргызстанга көрсөткөн колдоосун баса белгиледи. "Биз 1994-жылдан бери сиздердин уюмга мүчөбүз. Ошондон бери ири техникалык жана усулдук жардам алып келүүдөбүз. Мындан ары да Улуттук метеорология кызматын өнүктүрүүгө кызыкдарбыз",- деди өкмөт башчы. Мишель Жарро Дүйнөлүк метеорология уюму үчүн Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү чоң мааниге ээ экенин айтты. "Сиздердин өлкө 20 жылдан бери биздин уюмга мүчө болуп саналат жана тармак жаатында маалымат алмашууга салым кошуп жатканын белгилегим келет",- деди ал.