Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Кыргызстандык делегацияны Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Саммиттин алкагында өлкө башчы аталган уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.