Валерий Диль кытайлык "ZHEFU" компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Вице-премьер-министр Валерий Диль 11-сентябрда кытайлык "ZHEFU" компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Сүйлөшүү учурунда Диль Кыргызстандын экономикасы үчүн чет элден инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. "Биз гидроэнергетика тармагында ири потенциалга ээбиз. Ошондуктан силерге кичи жана орто энергетика тармагындагы долбоорлорду карап көрүүнү сунуштап жатабыз",- деди вице-премьер.
Өкмөттөн билдиришкендей, аталган энергетикалык компания өзүнүн гидроэнергетикалык жабдууларын дүйнө жүзүнө экспорттоп келет. Энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде иштеп жаткан ГЭСтердин бөлүктөрүн кайра жаңылоо иштери менен алектенет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан