Гидрометеорология боюнча эл аралык сессияга жетекчилик кылуу укугу 1 жылга Кыргызстанга берилди

Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык 26-сессиясы өтүүдө. Анын жүрүшүндө жакынкы бир жылдын ичинде сессияга жетекчилик кылуу КРнын ӨКМнын алдындагы “Кыргызгидромет” агенттигинин башчысы Зарылбек Итибаевге тапшырылды. Айта кетсек, сессия кайсы мамлекетте өтсө, жетекчиликти жүргүзүү ошол өлкөгө бир жылдык мөөнөткө берилет. Буга чейин жетекчиликти Армениянын “Гидромет” агенттигинин башчысы Левон Варданян жүргүзүп келген.

Мындан тышкары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык сессиясы Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. Биринчи жолу бул иш-чара өлкөнүн аймагында 17 жыл мурун орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан