2014-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө 34,7 миллиард сом бөлүндү

2014-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалар салыштырмалуу түрдө 60,2 пайызды (34 миллиард 79,8 миллион сомду) түздү. Чыгымдар өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 9 миллиард 926,4 миллион сомго өскөн (2013-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалар 47,3 пайызды түзгөн эле). Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы төмөнкүдөй:

  • социалдык коргоого – 26,8 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 73 миллион сомго көбөйүү менен 15 миллиард 162 миллион сом);
  • билим берүүгө – 20,1 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 7 миллиард  819,7 миллион сомго көбөйүү менен 11 миллиард 364,3 миллион сом);
  • саламаттык сактоого – 11 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 108,8 миллион сомго азаюу менен 6 миллиард 213,6 миллион сом);
  • эс алууга, маданиятка жана динге – 2,4 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 142,5 миллион сомго көбөйүү менен 1 миллиард 339,9 миллион сом).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан