2014-жылдын 8 айында өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү 48,9 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,5 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, ички салымдардын эсебинен өздөштүрүлгөн инвестициянын үлүшү 75,8, сырткы салымдын эсебинен өздөштүрүлгөн инвестициянын үлүшү 24,2 пайызды түзгөн. Инвестициялардын негизги бөлүгү турак жай жана кен казуу тармагына жумшалганы айтылды. Инвестициянын эсебинен салынган жеке турак жай курулуштарынын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында болгон.