Бишкекте банк кассиринин жаңылыштыгынан ашыкча 250 миң сом алып кеткен кардар акчаны кайтарып берерин билдирди

Бишкекте банктын эсепчисинин адашып калгандыгынан 250 миң сом алып кеткен адам акчаны кайтарып берерин билдирди. Бул тууралуу 12-сентябрда кардарга ашыкча акча берип алган Венера айым SUPER.KG порталына билдирди. 

Ал: "Кардар кечээ мага телефон чалып, акчаны кайсы бир себептерден улам коротуп койгондуктан, бир жуманын ичинде кайтарып берерин билдирди",- деди.

Эске салсак, Бишкектеги банктын эсепчиси жаңылып кардарга ашыкча акча берип алганын 10-сентябрь күнү өзү интернеттеги социалдык тармактарга жарыялаган. Өзүн Венера деп тааныштырган кассир 250 миң сомду ашыкча алып кеткен адамды издеп жатканын айткан. Кассирдин айтымында, ал рублду сомго алмаштырып, кардарга 612 500 сом берген. Кардар банктан шашып чыгып кеткенден кийин ага 250 миң сом ашыкча берип койгонун түшүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
zman53
2014-09-12 11:33:56
Жигит экен.
-5
nargiz_96
2014-09-12 11:37:13
жакшы кассирда ото жакшы иштейт экен бирок
+2
Alicia
2014-09-12 11:55:07
kantip biroonun akchasyn korottu eken
+4
erudit
2014-09-12 15:00:23
Кантип эле???250 сом берип койгондой го.
0
Ganibal87
2014-09-12 16:01:20
Инсапы бар екеен
0
Danel
2014-09-12 16:28:34
Эркек экенсин братан!
-1
nsk-mk
2014-09-12 16:38:16
мына ушундай... анан "каалаган учурда кайрылыныз мен ыраазы болом" эмес!
+1
shiko
2014-09-12 18:45:56
Ашык алып кеткенин билиптир эркек соорой карындаш ашык экен туура саначы десе болбойбу тымпыйып шашып чыгып кетип коротуп анан кайтарам коротуп койдум дебей.эртенки куну Озунун башына келиши мумкун анын да акчасын ашык алып кетсе....кудайдын козу туз болсун дейт...
+2
Kanat8427
2014-09-12 19:08:21
Азамат
0
tynara1983
2014-09-12 19:26:23
Вауу Азамат екенго!
0
bopos
2014-09-12 21:04:32
Азамат дейсинер да,шашып качып чыгып кетип,коротуп салса азамат болобу эмне?коротпой ал куну бербесе эртеси ойлонуп алып барса ошондо эркек,азамат болмок.
+2
noeli
2014-09-12 21:36:38
ой тообо,акыры ал киши деле мынча руб.мынча сом болот деп санагандыр эле,тымпыйып чыгып кетиптир да эргул.
+1
Alai.kyzy
2014-09-13 00:16:00
Кайтарып бермек эмес. Интернетке озунун суроту жайнап кеткенден кийин, баарыбир табылам деп, кайтарууну чечкендир. Себеби, кайтаргысы келгенде ошол замат кайтармак жана ошол куну коротуп жибермек эмес... Эркек деп айта албайм.
+2
Zhozho
2014-09-13 02:59:55
Alai.kyzy, туура айтасын,мен да ошентип ойлойм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан