Казакстандын Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын IX жыйыны аяктады. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын Жогорку Сотторунун төрагалары катышты. Кыргызстандык делегациянын курамына Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Соттун судьясы Жамалкан Исакова, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Айдарбек Осмонов кирген. Маалыматка таянсак, жыйындын алкагында тараптар соттордун ишмердүүлүгүнө баа берүү, судьяларды тандоо жана дайындоо, сот адилеттүүлүгү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу темаларын талкуулашты.
Жыйын соңунда Жогорку Соттун төрагалары адамдардын укугун коргоодо өз ара кызматташууну жана өнөктөштүктү бекемдөө боюнча биргелешкен документке кол коюшту.