Таш-Көмүрдө "классташын сабап, анын өлүмүнө себепкер болгон" деп шектелген жаран изделүүдө

Таш-Көмүрдө "классташын сабап, анын өлүмүнө себепкер болгон" деген шектүү Талант Молдалиевди кармоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 12-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 5-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Таш-Көмүрдөгү Ак-Суу-Келдиш аймагынын тургуну, 1988-жылы туулган Акылбек Бороевди өзүнүн классташы, Талант Молдалиев аттуу бала жанында жүргөн достору менен сабап салган. Буту-колун сындырып, денесине оор жаракат келтиргенден соң Таш-Көмүр шаарынын Түндүк кичи районунун Масалиев көчөсүндөгү жолдун жээгине таштап кетишкен.

А.Бороев оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бирок алган жаракатынан улам каза болгон.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Аксы районунун Кербен шаарынын тургундары 1988-жылы туулган А.Тургуналиев менен 1988-жылы туулган Э.Ниязбеков Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 11-сентябрь күнү кармалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rumaika5544
2014-09-12 11:07:31
Ушу Таш-Комурлуктордун атагы жаман жагынан чыга баштады да.
0
papanstan
2014-09-12 12:50:08
Чын таш комурдук Бир бала озунуз суйлошкон кызын олтуруп койду мурдагы куну денесин жонотушту кыргызстанга адамдарга эмне болуп баратат эсиннрге келгилечи кыргызым татынакай кыз болчу эх
0
Ganibal87
2014-09-12 15:58:55
Даваа жок болуп кетип атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан