Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 26-сессиясы өтүп жатат. Бул иш-чара 12-13-сентябрда өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү документтерге кол коюлат.
Анын жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун башчысы Мишель Жарро Кыргызстандын бул уюмдун алдындагы карызы боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Муну ал "бул саясий маселе" деп түшүндүрдү. Мындан тышкары Жарро сессиянын жүрүшүндө да карыз маселеси көтөрүлбөй турганын баса белгиледи.
Айта кетсек, Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун алдындагы карызы 300 миң швейцариялык франкка жеткени айтылган. Кыргыз Республикасы бул уюмга 20 жыл мурун, 1994-жылы кирген.