Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы бүгүн, 12-сентябрдагы жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрдү. Фракция лидери Феликс Куловдун айтымында, референдумга төрт маселе сунуштоо пландалууда: өлкөнүн аталышын “Кыргыз Эл республикасы” деп өзгөртүү, Жогорку Сотко президиум деген органды кайтаруу, жаңы окуу жылын мындан ары 1-сентябрдан эмес, 15-сентябрдан баштоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын чектөө.