"Хиджаб эч качан кыргыздардын кийими болгон эмес" дейт депутат Тиленчиева

Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын 12-сентябрдагы жыйынында депутаттар хиджаб маселесин талкуулап жатышат. Фракция мүчөсү Майрамкүл Тиленчиева "хиджаб эч качан кыргыздардын салттуу кийими болгон эмес" деп билдирди. Айтымында, бүгүн кыргыздарга арабдар менен пакистандыктардын кийими таңууланып жатат. "Биздин өзүбүздүн сонун улуттук кийимдерибиз бар. Эркектерибиз эч качан узун көйнөк кийген эмес, көрүнүшү да начар. Хиджабчан кыздар көбөйүүдө. Ыймандуулук диний кийимдерди кийүү менен аныкталбайт. Кыздардын күндүз хиджабчан жүрүп, түнкүсүн дискотекада бийлеген окуялары да болгон",- деген депутат балдарга хиджаб кийгизүү алардын окуусуна ыңгайсыздык жаратарын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан