Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити ишин баштады

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында бүгүн, 12-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити ачылды. Жыйынга төрагалык кылган президент Эмомали Рахмон саммитте эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болорун айтты. Жыйындын ишине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов катышууда. 
Журналисттер жыйындын ишин атайын коюлган 6 монитор аркылуу маалымат борборунан түз көрүп чагылдырышарын тажикстандык ММКлар жарыялашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан