Базар-Коргондо "кытайлык ишкананын мүлкүн уурдаган" деген шек менен жергиликтүү 2 тургун кармалды

Базар-Коргондо "кытайлык ишкананын мүлкүн уурдаган" деген шек менен жергиликтүү 2 тургун кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Базар-Коргон РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө “ТВЕА” аттуу кытайлык ишкананын жамаатынан арыз түшкөн. Арызда Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагында жайгашкан “ТВЕА” ишканасынын кампасынан белгисиз адамдар 2 тонна цементти, 1 даана автоунаанын аккумуляторун жана түрдүү темир тетиктерди уурдап кетишкенин, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 850 000 сомду түзөрүн билдирип, аларга чара көрүүнү суранышкан.

Кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Э.Осмонов жана Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айылынын тургуну, 1968-жылы туулган М.Маматжанов кармалып, анын көрсөтмөсү боюнча далил буюм катары уурдалган 30 кап цемент алынган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
logist
2014-09-12 12:57:03
айбандар десе менин айылым го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан