Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиянын 4-жыйыны өтүп жатат. Жыйында Бажы биримдиги, миграция, чек ара маселелери талкууланууда.
Казакстан Мажилисинин өкүлү Светлана Кадыралиева Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, миграция маселеси чечилерине ишендирди.
“Белгилүү болгондой, Кыргызстан Бажы биримдигине, Эркин экономикалык аймакка кирүү боюнча жол картасын активдүү иштеп жатат. Биз ишенип турабыз, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине аз убакыт калды. Жеңил катмарына келип калдыңыздар. Мен ишендирип айткым келет, биримдикке киргенден кийин миграция маселеси чечилет”,- деди Кадыралиева.