Казакстандык депутаттар Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө жакындап калганына кубанып жатышканын билдиришти

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеш менен Казакстан парламентинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда казакстандык депутат Сергей Дьяченко Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү процессинин аяктап калганына кубанычта экенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстан биримдикке кирүүсү Казакстан үчүн өтө маанилүү

Казакстан Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү процессинин аяктап калганына кубанычта. Сиздер 2015-жылы Бажы биримдигинде болуп каласыздар деп терең ишенебиз. Бул биз үчүн өтө маанилүү. Эки тараптуу кызматташтыктан мурун биз бир тууган элбиз. Бул бир туугандыгыбыз бекемделет жана экономикалык жактан да жакшы шарт болот”,- деди Дьяченко.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан