Ош шаарынын жашоочусу баласын жентектеп келген досун сабап, өлтүрүп алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын К.М. аттуу 27 жаштагы жашоочусунун үйүнө 26 жаштагы С.А. аттуу досу келип, балалуу болгондугун куттуктап спирт ичимдиктерин ичишет. Кийин үй ээси досун узатып чыгып, экөө мушташа кетишет. Натыйжада 26 жаштагы С.А. аттуу жаран жерге кулап, башынан оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза тапкан. Учурда кылмышка шектүү делинген 27 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалып, Ош шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Эки жаран тең Ош облусундагы Алай районунан экендиги белгилүү болду.