Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумуна катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары отурумдун күн тартибин, кол коюуга даярдалган документтердин тизмесин, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кийинки отуруму өткөрүлчү жерди талкуулашты.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев диний экстремизмдин өсүшү, Борбордук Азия өлкөлөрүнө террордук топтордун кирүү коркунучу, ошондой эле региондо баңгитрафиктин көбөйүү тобокелдиги негизги көйгөйлөрдөн, ошондуктан аймактагы мамлекеттер буга өзгөчө көңүл бурууга тийиш экендигин белгиледи. “ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара кызматташуунун жогорку деңгээли, максаттуу жана комплекстүү иштерди уюштуруу гана мындай коркунучтарга натыйжалуу бөгөт боло алат деп эсептейбиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.