Казакстанга жаңы барган кыргызстандыктарды каттоого турууга милдеттендире турган 5 күндүк мөөнөттү узартуу сунушталды

Жогорку Кеңеш менен Казакстан Республикасынын Мажилисинин ортосундагы парламенттер аралык комиссиянын 12-сентябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева эки өлкөнүн жарандары Кыргызстан менен Кыргызстандын ортосунда эркин жүрүү режими жөнүндө маселени кароону сунуштады.

Депутат Казакстанда ишкердик кылган кыргыздардын абалы кыйла жөнгө салынып калган маселелерден болуп саналарын айтты. Бул эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда 2009-жылы кол коюлган макулдашуунун аркасы менен жетишилди.

Казакстан жарандары Кыргызстанда үч ай бою кенен жүрө алышат. Ал эми кыргыздар Казакстанга киргенде 5 күндүн ичинде каттоого туруусун талап кыласыздар. Ушуну бир топ күнгө узартуу керек. Мен сиздерге ушуну сунуш кылам”,- деди Ниязалиева.

Андан сырткары депутат: “Биздин жолугушуулар жана анда талкууланган маселелерде жетишилген натыйжалар майнаптуу кызматташтык мамилелердин далили боло алат”,- деп кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан