Алмазбек Атамбаев: "Украинадагы жаңжалды токтотуу тууралуу протоколдун бардык пункттарынын сакталышы кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн негиз түзөт"

"Аймакта жана дүйнө жүзүндө кырдаал оор бойдон калууда",- деп билдирди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 12-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде. Мамлекет башчы Украинадагы кырдаалга өлкө тынчсызданарын айтты. "Албетте, Кыргызстан Украинадагы кырдаалга тынчсызданат. Минсктеги үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы жана Украинанын түштүк-чыгышындагы жаңжалды токтотуу тууралуу протоколдун бардык пункттарынын кыйшаюусуз сакталышы кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн негиз түзөт",- деди Алмазбек Атамбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан