Казакстан: “Кыргызстандык мигранттарды 5 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттендирген мөөнөттү узарта албайбыз”

"Кыргызстандык мигранттарды 5 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттендирген мөөнөттү узарта албайбыз". Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиянын 4-отурумунда Казакстан парламентинин басма сөз кызматынын башкы кеңешчиси Ольга Абрамова билдирди.  

Анын айтымында, тартипти сактоо максатында мигранттар 5 күндүн ичинде каттоого туруп калышы керек.

Тартиби жок эл болбойт. Биз Орусия, Беларусь, Украинанын жарандарынан да ушул тартипти сактоону талап кылабыз. Биз 5 күндөн ары узарта албайбыз. Каттоого тургандан кийин дагы 90 күн берилип жатат. Кыргыз-казак чек ара өтмөктөрүнө дагы кошумча пункттарды ачууну сунуштап жатасыздар. Биз башка пункттарды ачпай эле, азыр колдонулуп жаткан пункттардын ишин жакшыртууга болгон аракеттерди жасасак, эффективдүүлүгүн берет”,- деди Абрамова.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан