Урмат Аманбаева, депутат: "Окуучулар мектепте окшош форма кийиши керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева окуучулардын мектепке хиджаб кийип барышына каршы. Муну ал 12-сентябрда билдирди. Депутат хиджаб окуучулардын билим алышына кайсы бир деңгээлде терс таасирин тийгизерин айтат. "Балдар бай-кедейине, динине карабай бирдей билим алууга акылуу. Бирок мектепте окшош форма болгону жакшы. Ал эми быйыл сатыкка чыккан бирдиктүү мектеп формасынын сапаты, баасы башка кеп. Айрымдар мектеп формасы сапатсыз материалдан тигилип жатканын айтышууда. Буга көңүл буруп, сапатын көтөрүү зарыл. Ата-энердин капчыгына да жеңил болот эле, анткени бир форманы кийинки жылы башка уул-кызы кийгидей болмок",- дейт депутат.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан