7-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кыз талашуудан улам 22 жаштагы жаран каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда райондук ИИБден билдиришти.
Алынган маалыматка ылайык, каза болгон баланын сүйлөшкөн кызы кийинчерээк анын досу менен сүйлөшүп кеткен. Эки достун ортосунда түшүнбөстүк чыгып, кылмышка шектүү жаран 22 жаштагы досун өлтүрүп койгон. Учурда аталган кылмыш тууралуу иш ачылып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, камакка алынды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.