Бишкек мэриясы: Айрым автобустардын айдоочулары жеңилдик менен жүргөн тургундарды тейлөөдөн баш тартышууда

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда "айрым автобустардын айдоочулары жүргүнчүлөргө тиешелүү карталардын эскилиги жетип, ысымы көрүнбөй калгандыгына байланыштуу жеңилдик менен жүргөн тургундарды тейлөөдөн баш тартышууда" деп билдирди. 

Белгилүү болгондой, кеп кызыл өңдөгү эски карталар жөнүндө болуп жатат. "Карталардын түсүнө карабай эле, ээси жөнүндө маалымат окулбай калгандарды алмаштыруу зарыл. Эгерде кызыл өңдөгү картасы жаңы бойдон же ичиндеги маалыматтар окулса, анда алмаштыруунун кажети жок",- дейт Бишкектеги Автотранспорт жүргүнчүлөрү ишканасынын өкүлү Мадина Сейтказиева. Аталган ишкананын маалыматына караганда, автобустарда акысыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган карталардын жаңы үлгүсү көк түстө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан