Темир Сариев “Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деп туура чечим кабыл алдык” деди (фото)

Бүгүн, 12-сентябрда кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиянын жыйынында экономика министри Темир Сариев:Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын көлөмү азайып кетти”,- деп билдирди.

Министрдин айтымында, 2012-жылдагы көрсөткүч 1 миллиард долларга жеткен болсо, өткөн жылы жана ушул жылдын сегиз айында бир топ азайып кеткен. Сариев бул Бажы биримдигинин талаптарына байланыштуу болуп жатканын айтты. 

Жылдан-жылга сооданын көлөмү азайып жатат. Бул Казакстандын Бажы биримдигине киргендигине байланыштуу товар өткөрүү талабын катуулатып жаткандыктан. Кыргызстан биримдикке кирет деп туура чечим кабыл алдык. Биз Советтер Союзунун бир бөлүгү болгонубузду так билишибиз керек”,- деди Сариев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан