Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн фондунан өрт өчүрүү учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон берилди. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн бүгүн, 12-сентябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов каза болгон жарандардын туугандары менен жолугушуп, үй-бүлөлөрдүн ар бирине өкүлчүлүктүн фондунан 50 миң сомдон берген.
Айта кетсек, буга чейин Жумгал районундагы Каныш капчыгайында өрт чыгып, аны өчүрүү учурунда өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиев, Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Абаскан Нуралиевдин каза болгону маалымдалган.