Кыргызстан менен Казакстан парламенттеринин ортосунда кеңеш түзүлөт

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда парламенттер аралык кеңеш түзүлөт. Мындай чечим бүгүн, 12-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиянын 4-отурумунда кабыл алынды. Ошондой эле кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо үчүн жумушчу комиссия түзүлдү. Комиссиянын тең төрагасы, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн 20 жылдан ашуун мезгил аралыгында мамлекеттер аралык мамилелердин кеңири келишимдик укук базасы түзүлдү жана бекем пайдубал түптөлдү. “Биздин өлкөлөрдүн ортосунда бардык деңгээлде өнүмдүү кызматташтыктын пайдубалы курулду. Эки өлкөнүн мамилелери тууралуу сөз кылганда, биздин элдердин ортосундагы тарыхый, маданий, тилдик, салттык, руханий баалуулуктардын жалпылыгын жана өз ара боордоштук байланыштар жаатында кеп кылабыз”,- деди ал.

Парламенттер аралык комиссиянын кызматташтык боюнча тең төрагасы, Казакстан Мажилисинин төрагасынын орун басары Сергей Дьяченко кеңешти түзүү эки тараптуу мамилелердин маанилүү багыттарынан болуп санала турганын айтты. “Биз кыргыз-казак кызматташтыгынын жаңы стратегиялык форматына өтүү алдында турабыз. Кеңештин түзүлүшү эки тараптуу алакаларга жана парламенттер аралык мамилелерге жаңы дем берет,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан