Сүйүктүүсүн атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториус күнөөлүү деп табылды

Өткөн жылы 14-февралда сүйүктүүсү Рева Стенкампты атып алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториус күнөөлүү деп табылды. Эми ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Белгилүү болгондой, кечээ сот аны "атайылап өлтүрүү" беренеси боюнча актаган. Сот шектүү жабык эшик артында туруп Стенкампты атайын өлтүргөнү боюнча күнөө далилденбегенин айткан. 
Эске салсак, 2013-жылы Сүйүшкөндөр күнүндө Оскар Писториус сүйгөнүн атып салганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери спортчунун үйүнөн анын сүйгөнү, 32 жаштагы Реванын 4 ок жеген жансыз денесин табышканда Оскар: «Ваннадан дабыш чыкканда ууру экен деп 4 ирет ок аткам»,- деген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bexa9595
2014-09-12 15:43:00
ууру экен деп эле ата берсе жан калабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан