Орусиянын Өндүрүш жана соода министрлиги "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. Ага ылайык, чыкканына 15 жылдан ашкан автобустарды жана оор жүк ташуучу унааларды Орусиянын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат. Жаңы мыйзам 2015-жылдын июлунан баштап күчүнө кирмекчи. Учурда аталган документ эксперттердин сунуштары менен толукталып жатканын орусиялык ММКлар жарыялашты. Демилгечилер мындай чараны эски унаалардын адам өмүрүнө коркунуч жараткан негизги себептердин бири болуп жатканы менен байланыштырды. Маалыматка таянсак, Орусиядагы автобустардын дээрлик жарымы чыкканына 15 жылдан ашкан техникалар. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын 57 пайызы эчак эле "20 жаштан" ашып кеткен техникалар экени маалымдалды.