Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кытай 5 миллиард доллар насыя берет. Муну бүгүн, 12-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан аталган уюмдун саммитинде Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Циньпин билдирди. Кытай лидери ШКУнун мурунку жыйынында "Кытай-Евразия" экономикалык кызматташтык фондун түзүү демилгеси көтөрүлгөнүн билдирип ,"мунун алгачкы капиталы 1 миллиард доллар болот, кийинчерээк 5 миллиард долларга жетет" деген.
Айта кетсек, ШКУнун мурунку саммити 2013-жылдын 13-сентябрында Бишкекте өткөн.