Ысык-Ата районунда “коңшусун зордуктаган” деп шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ысык-Ата районунун тургуну кайрылган. Анда ал коңшу жашаган адам зордуктап салганын айткан. Окуя болгон жерге оперативдүү топ барып, кылмышка шектүү катары аталган райондун 31 жаштагы тургунун колго түшүрүшкөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучуну үйүнө чакырып, анан күч колдонуп зордуктап салганы белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.