Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын президенти, Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад аль-Сабах Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ахмад аль-Сабах 15-16-сентябрь күндөрү Бишкекте болуп, мамлекет жетекчилери менен жолугушат. Ошондой эле журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт.