Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында бүгүн, 12-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин аягында декларация кабыл алынды. Документ 19 пункттан туруп, анда уюмга мүчө мамлекеттер ШКУнун алкагында терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөштү активдештирүү керектиги, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо биргеликте аракеттенүү,
Украинадагы кырдаалды тезинен жөнгө салуу жана аны сүйлөшүү жолу менен ишке ашыруу зарылдыгы жана башка бир нече маселелер белгиленет.
Уюмдун кийинки саммити 2015-жылы Орусиянын Уфа шаарында өтмөкчү.