Жогорку Кеңеш 18-сентябрда өкмөттүн кышка даярдыгын талкуулайт

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 12-сентябрда 2014-жылдын 17-18-сентябрындагы парламент жыйындарынын күн тартибин бекитти. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

17-сентябрда Жогорку Кеңеш "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө", "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарга) жана башка мыйзам долбоорлорун кароо пландалды.

Жогорку Кеңеш 18-сентябрда өкмөттүн 2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматын угат. Ошондой эле "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга жана КРнын Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси да каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан