Кант шаарында сатуучуну алдап, кассадан 20 миң сом алып качкан Токтогул районунун тургуну кармалды

Кант шаарында сатуучуну алдап, кассадан 20 миң сом алып качкан Токтогул районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Кант шаарындагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз адам кирип, сатуучудан жарым кап кумшекер берүүнү өтүнгөн. Сатуучу дүкөндүн азык-түлүк сактоочу жайына жөнөгөн мезгилде кардар кассадагы 20 миң сомду алып качып жөнөгөн. Муну сатуучу байкап калып кубалап, бирок жетпей калган. Окуя боюнча милиция кызматына кабарланып, аз өтпөй кылмышка шектүү болгон Токтогул районунун тургуну кармалган.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан