“Винлайн” ишканасынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-сентябрь күнү аталган кызматтын ага тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүндө “Винлайн” (Sapatcom) ишканасынын жетекчиси Б.А. пара берип жаткан жеринен кармалды. Ал ишкананы текшербөө өтүнүчүн айткан.
Учурда “пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.