Урмат Аманбаева: “Мыйзам долбоорлору турмуштук муктаждыктардан улам жазылат”

“Мыйзамдар турмуштук муктаждыктардан улам жазылат. Шайлоочулардын кайрылган сунуш-талаптарын угуп, тергөөчүнү арыз берүүчүгө жазык ишин козгоодон баш тартуунун көчүрмөсүн берүүгө милдеттендирүү демилгесин алып чыктым”,- дейт “Парламент” радиосунун түз эфиринде депутат Урмат АманбаеваЖазык-процесстик кодексине ылайык, арыз берүүчү иш козгоодон баш тарткандыгы жөнүндө прокурорго жана сотко даттанууга укуктуу. Депутат колунда иш козгоодон баш тартуунун көчүрмөсү болбосо, муну жасоо кыйла татаал экенин, колунда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтому жок болсо, прокурорго кайрылууга мүмкүнчүлүк бар, бирок сотто кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө көчүрмө тиркелбесе, анда көп учурда арыз да кабыл алынбай турганын айтат. 

"Мындай баш тартуулардын тажрыйбасы төмөнкүдөй: жарандардан, уюмдардан, ишканалардан жана башка жеке жана юридикалык жактардан арыздарды кабыл алууда тергөө органдары кылмыш иш козгоодон баш тартууну биринчи орунга коюшат. Иш жүзүндөгү тажрыйбалуу юристтер муну эң керектүү толуктоо деп ишендиришет. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, жабырлануучу жана шектүү-айыпкер ага кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомунун көчүрмөсүн алууга укугу бар. Бул ченем иш жүзүндө колдонулат, бирок тергөөчү кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомун чыгарарда арыз берүүчү адамдарды гана кабарлоого укуктуу. Аны почта кызматтарын пайдалануу менен таркатса да болот",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан