Ошто ботаникалык багытта семинар болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде 12-сентябрда ботаникалык багытта семинар болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Ага табият таануу жана география факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, Глобалдык экологиялык фондунун "Чакан гранттар" программасынын Кыргызстандагы жетекчилиги, Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемин өнүктүрүү башкармалыгы, Кара-Шоро улуттук жаратылыш паркынын, Кулун-Ата, Сурма-Таш мамлекеттик коруктарынын, Экологиялык-техникалык инспекциянын, өкмөттүк эмес экологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Алгач Глобалдык экологиялык фондунун Кыргызстандагы улуттук координатору Евгения Постнова семинардын катышуучуларын бул программанын максаттары жана милдеттери менен тааныштырып, тиешелүү маалыматтарды камтыган түстүү плакаттарды, буклет, видеоматериалдарды таратты. 
Семинардын жүрүшүндө ар бир ийгиликтүү ишке ашкан, өздөрүнүн долбоорлорунун алкагында аткарылган иш-чаралар жана жетишкендиктер жөнүндө бет ачар түрүндө маалыматтарды беришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erali
2014-09-14 22:15:36
укпай калыпмын катышсам болмок,жаш кочотторду остуруу,кароо,сорттор боюнча билим керек эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан