Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын интернационалист жоокерлери - Ооганстан согушунун катышуучулары, Чек ара кызматынын ардагерлери 12-сентябрдан 23-сентябрга чейин Панфилов дивизиясынын согуштук жолу боюнча эл аралык үгүттөөчү автожүрүш өткөрөт. Маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Автожүрүш Улуу Жеңишке кыргызстандыктар менен казакстандыктардын кошкон салымын эске алуу, Москва алдында болгон согушта курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо менен Улуу Ата Мекендик жеңишинин 70 жылдыгына жана советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналат.
Акция Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин президенттери кол койгон иш пландын алкагында жана Кыргызстан, Казакстан, Орусия интернационалист-жоокерлери менен Кыргызстандын чек ара аскерлеринин ветерандарынын демилгеси менен өткөрүлүүдө.
Автожүрүш Алматы – Бишкек – Астана – Костанай – Актөбө – Урал – Самара – Москва маршруту боюнча болот. Кайра кайтуу Москва – Рязань – Оренбург – Актөбө – Астана – Алматы маршруту боюнча өтөт.