Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин аягында бир нече документке кол коюлду

Бүгүн, 12-сентябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

1. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Дүйшөмбү декларациясы.

2. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекети статусун алуу максатында арыз жазган мамлекеттин милдеттери тууралуу типтүү меморандум жөнүндө чечими.

3. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекети статусун берүү тартибин бекитүү жөнүндө чечими.

4. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын долбоору жөнүндө чечими.

5. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүүнүн 70 жылдыгын белгилөө жөнүндө чечими.

6. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечимдеринин күчүн жоготкондугу жөнүндө чечими.

7. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай Кызматташтык Уюмунун символикасы жөнүндө токтомун бекитүү жөнүндө чечими.

8. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай Кызматташтык Уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысынын докладын бекитүү жөнүндө чечими.

9. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2013-жылдагы иш-аракети жөнүндө Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн кеңешинин докладын бекитүү жөнүндө чечими.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча маалыматтык билдирүүнү кабыл алышты.

Мындан тышкары ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

ШКУга төрагалык кылуу Орусия Федерациясына өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан