Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун кеңири курамдагы отурумуна катышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Дүйшөмбү шаарында өткөрүлүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Тажикстан президенти Эмомали Рахмонго меймандостугу жана Дүйшөмбү шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын мыкты уюштургандыгы үчүн, ШКУга төрагалык милдетти аткарган мезгилде тажик тарап жасаган чоң иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле уюмга эми төрагалык кыла турган Орусияга ийгилик каалады.

Президент саммитти ийгиликтүү өткөрүү ШКУну мындан ары өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде анын кадыр-баркын көтөрүүгө жаңы дем берет деген терең ишенимин билдирди. Бишкек саммитинен кийин ШКУга мүчө мамлекеттер Бишкекте жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өндүрүмдүү иш жүргүздү. Бишкекте өткөн жылы биз тышкы иштер ведомстволорунун башчыларына 2025-жылга чейин ШКУну өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгып, кароого сунуштоо милдети тапшырылган. Бүгүн биз “2025-жылга чейинки стратегиянын долбоору жөнүндө” кеңештин чечимине кол коёбуз, бул документти макулдашуу иштерин уюштурууга милдеттендиребиз. Бул маанилүү документ жакынкы 10 жылдыкка уюмдун ишмермердүүлүгүнүн негизги багытын аныктап калат деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Дүйнөдөгүдөй эле региондогу кырдаал татаал. Иракта жана Жакынкы Чыгышта, Сирияда, Ливияда кризис тереңдеп бара жаткандыгы бизди тынчсыздандырбай койбойт. Албетте, биз боордош Украинадагы кырдаалга да тынчсызданып жатабыз. Минскиде үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыктары жана Украинанын чыгышында атышууларды токтотуу тууралуу протоколдун бардык пункттарын сактоо кырдаалды мындан ары турукташтырууга негиз түзөт деп эсептейбиз”,- деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы Ооганстанда тынчтык жана туруктуулук болушуна кызыкдар экендигин, Ооганстан өкмөтүнүн демократиялык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга багытталган аракетин колдоого аларын билдирди. Бизди Борбордук Азиядагы мамлекеттердин территорияларында аракеттенип жаткан уюшкан кылмыштуу баңги жамааттардын улам күчөп бараткан интеграция процесси тынчсыздандырууда. Биздин оюбузча, бул жагдайда баңгизаттарын таратууга каршы биргелешип күрөшчү натыйжалуу иштеген системди калыптандыруу боюнча чечкиндүү чара көрүү зарыл. Менимче, биз мындан ары дагы терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, чектешкен чек аралардагы уюшкан кылмыштуулукка каршы максаттуу иш жүргүзүүгө милдеттүүбүз”,- деп айтты президент.

Андан сырткары ШКУ “Шанхай бешилтигинин” негизинде түзүлгөндүгүн жана аскер тармагында ишенимди бекемдөө жана чек ара райондорунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу макулдашууга беш тараптуу форматта кол коюлгандыгын баса белгиледи. Ал макулдашуулар азыр дагы күчүндө. “Ушул келишимдер жалпы Евразия регионунда тынчтыкты жана туруктуулукту сактап турууга олуттуу салым кошту. Учурдагы жагдайларды эске алуу менен бардыгыбыз ошол кезде жетишилген келишимдерди кыйшаюусуз сактап, регионубузда ишеним чараларын бекемдөө боюнча бардык күч-аракетибизди жумшоо зарыл деп эсептейм. ШКУга мүчө мамлекеттердин чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө биздин приоритеттерибиздин бири болуп калууга тийиш деген ойдомун”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бул багытта тиешелүү аракеттерди практикалык ишке ашырууну камсыз кылуу максатында чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө тууралуу Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда эки тараптуу негиздеги макулдашуулардын долбоорун кийинчерээк кол коюш үчүн иштеп чыгууга киришүүнү сунуш кылды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бара-бара уюмду чыңдоо ишинде экономикалык кызматташуу бекемдөөчү факторго айланууга тийиш деген позицияны тутунарын баса белгиледи. “Долбоорлорду ишке ашырууну финансылык коштоонун алкагында биз тез арада ШКУну өнүктүрүү фондун жана өнүктүрүү банкын түзүүнү колдойбуз. Биргелешип, бардык жетишилген макулдашууларды бекем сактагандыгыбызды бүт дүйнөгө көрсөтө алабыз деп ойлойм. Бул уюмубуздун аброюн арттырып, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана жетилгендигин далилдейт деп ишенем”,- деди сөзүнүн соңунда президент.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан