
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин 13-саммити башталган. Бул маанилүү иш-чараны 300дөн ашык чет элдик, 100дөй жергиликтүү журналист чагылдырышкан.

* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы АКШда “Битлз” тобунун “Уesterday” ыры жарыкка чыккан. Ырдын автору
Пол Маккартни болгон. Ыр тез убакыттын ичинде хитке айланып, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана башка өлкөлөрдүн хит-параддарында узак убакыт биринчиликти бербей келген.

* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы орусиялык ырчы
Ираклий Пирцхалава Москвада туулган. Ираклий 16 жашында эң алгачкы ырын жаздырып, ал эми 1990-жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында "Тет-а-тет" тобунда ырдаган. Ырчы 2003-жылы "Фабрика звёзд" музыкалык долбооруна катышып, ошондон улам анын атактуулугу арта баштаган. Ошол убакта Ираклий Пирцхалаванын "Вова-чума", "Лондон-Париж", "Время" аттуу ырлары хитке айланып, 2004-жылы "Лондон-Париж", 2005-жылы "Капли абсента" ырлары үчүн "Алтын граммофон" сыйлыгына ээ болгон.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Москванын Кашир кан жолунда жайгашкан көп кабаттуу үйдө террордук жардыруу болгон. Жер төлөдө болгон жардыруудан кыштан салынган 8 кабат үй толугу менен талкаланган жана 124 киши каза болуп, 7 киши ар кандай жараат алган.