Жылнаама, 14-сентябрь: Мындан 49 жыл мурун Орусиянын 3-президенти Дмитрий Медведев туулган

* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы саясий ишмер Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон. Акылбек Жапаров алгач Фрунзедеги Политехникалык институттун автомобиль жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген.
 
* Мындан 376 жыл мурун, 1638-жылы атактуу америкалык Гарвард университетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон англиялык миссионер Жон Гарвард кургак учук оорусунан улам 30 жашында каза болгон.
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы Орусиянын 3-президенти Дмитрий Медведев Ленинградда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Бир үйдүн жалгыз баласы болгон Дмитрий Медведев 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1990-жылы ошол эле университеттин аспирантурасын аяктаган. Эмгек жолу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде атуулдук укук боюнча кафедрасында окутуучу болуудан башталган.
14-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан