
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы бүтүндөй өмүрүн актрисалык кесипке арнаган Кыргыз Эл артисти
Сабира Күмүшалиева 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Кыргыз жана советтик театр жана кино артисткасы, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн соң, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы коомдук ишмер, журналист, ЖКнын экс-депутаты, КТРКнын экс-башчысы
Мелис Эшимканов Бишкектеги жеке менчик "Камэк" ооруканасында саат 15:00дө 48 жашында жүрөгү токтоп каза болгон.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Астанада тарыхта биринчи жолу уюштурулган көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктаган. Ал 10-сентябрда башталып, Казакстандын борбору Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында өткөн. Чемпиондуктун байге фонду 20 миллион теңгени (болжол менен 130 миң доллар) түзгөн. Ага жалпысынан Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Түркия өлкөлөрүнөн 8 команда катышып, улакчылардын саны 200гө жеткен. Чемпиондук жыйынтыкталып, 1-орунду Казакстан (10 миллион теңге акчалай сыйлык), 2-орунду Кыргызстан (6 миллион теңге), ал эми 3-орунду Тажикстан ээлеген (4 миллион теңге).