Асылбек Жээнбеков Казакстанда күйүүчү майлары менен көптөн бери турган вагондорду тез арада өткөрүү керектигин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-сентябрда Мажилистин төрагасынын орун басары Сергей Дьяченко баштаган Казакстандын Мажилисинин парламенттик делегациясын кабыл алды. Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстандын жана Казакстандын парламент депутаттарын Жогорку Кеңеш менен Казакстандын Мажилисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиясынын төртүнчү жыйынынын аякташы менен куттуктады жана өнүмдүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстандын жана Казакстандын парламенттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагалары Төрөбай Зулпукаров менен Сергей Дьяченко болуп өткөн жыйындын жыйынтыктары тууралуу учкай маалымат беришти. Алардын айтымында, жыйын жүрүшүндө эки тарапка тиешелүү чек ара, бажы, миграция жаатындагы бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Парламентчилер ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык биригүү алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги жолдорун да талкууга алышты. Жээнбеков Парламенттер аралык кеңештин түзүлүшүнүн маанилүүлүгүн жана өз маалында болуп жатканын белгиледи. Ал бул чечим парламенттер аралык өз ара аракеттерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрө турганын айтты. "Буюрса, Парламенттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө тиешелүү чечим жакын арада эки өлкөнүн парламенттеринин спикерлеринин деңгээлинде кабыл алынат",- деп кошумчалады төрага. 
Сергей Дьяченко Кыргызстан региондогу ишенимдүү стратегиялык өнөктөш болуп саналарын, казак тарап бардык башталыштарда Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. “Казакстан бир тууган Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө кылдаттык менен көз салып келет, Кыргызстандын саясий-экономикалык турмушундагы алга жылууларды кубаттайт жана мындай көрүнүштөрдү өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү фактору катары эсептейт. Биз кыргыз кесиптештерибизге Кыргызстандын Бажы бирлигине кошулуусу үчүн улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жолунда ар тараптан көмөктөшүүгө даярбыз”,- дейт ал. Соңунда спикер казакстандык кесиптештеринин көңүлүн Казакстан аймагында күйүүчү майлары менен узак убакыттан бери турган темир жол курамынын транзиттик өткөрүү маселесин тез арада чечүү зарылдыгына бурду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан