Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмон буга чейин жетишилген келишимдерди сактоонун зарылдыгын белгилешти

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусунда эки тараптуу соода жүгүртүүнү өстүрүү үчүн кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнү макулдашты. Муну өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Мамлекет башчылары энергетикалык тармакта кызматташтыкты да улантуу керектигин белгилешкени айтылды. Атамбаев менен Рахмон буга чейин жетишилген келишимдерди аймактык жана мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу зарыл экенин баса белгилешти.

Айта кетсек, эки өлкөнүн башчылары 12-сентябрда Тажикстанда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинен кийин жолугушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан