Дүйшөмбү шаарында 12-сентябрда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинен кийин президент Алмазбек Атамбаев менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Циньпин жолугушуу өткөрдү. Маалыматтарга таянсак, жолугушууда талкууланган маселелердин бири Кыргызстандагы "Түндүк-түштүк" кошумча унаа жолун куруу долбоору болду. Аталган жолдун экинчи фазасынын курулушуна кытай тарап жеңилдетилген насыя берүүнү убадалады.
Айта кетсек, аталган жол 3 фаза менен курулат. Учурда 1-фазанын курулушу уланууда.