Кыргызстан менен Казакстандын депутаттары "Ата-Бейитте" Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту (фото)

Жогорку Кеңеш менен Казакстандын Парламент Мажилисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын төртүнчү жыйынынын катышуучулары 12-сентябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болуп, Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Казакстандык кесиптештерин комплекске вице-спикер Төрөбай Зулпукаров коштоп барды. Ч.Айтматовдун арбагына багышталып куран окулганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, комиссиянын жыйыны 12-сентябрда парламентте орун алып, анда миграция, коопсуздук өңдүү маселелер каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан