Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча сот иши башталды. Ага аталган депутаттар, жактоочулары, кесиптештери катышууда. Ал эми аталган райондук соттун имаратынын алдында депутаттардын ондогон жактоочулары топтолушуп, айыпталуучуларга колдоо көрсөтүшүүдө. "Депутаттарга боштондук!" деген ураан айтылууда. “Биз канча күн болсо да жатып депутаттарды чыгарып алабыз”,- дейт Ысык-Көлдөн келген Садыр Жапаровдун колдоочусу Асел Бакаева.