Бишкектеги кафелерде санитардык эреже бузуулар катталды

Бишкекте текшерүүлөрдүн жүрүшүндө санитардык эреже бузуулар катталган кафелер аныкталды. Бул тууралуу 12-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги санитардык текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө шаардын Анкара (Горький) жана Чолпон-Ата көчөлөрүндө жайгашкан “Восток - дело тонкое” кафеси жана “Боорсок” дүкөндөрүнүн жумушчулары тарабынан эреже бузуулар катталган.

Жумушчулар тарабынан куураган чөптөр өрттөлүп, бак-дарактарга жана башка өсүмдүктөргө зыян тийгизген. Кургак жана курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналгандыктан, таштанды чогултуучу жайга айланып калган. Кафенин жана дүкөндүн кожоюндарынын аттарына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан